Түркиянын калкынын саны

Түркиянын калкынын саны өсүүдө.

901226
Түркиянын калкынын саны

Түркиянын калкынын саны 2017-жылы андан мурунку жылга салыштырмалуу 995 миң 654 киши көбөйүп, 80 миллион 810 миң 525 кишиге жетти.

Түркиянын статистика мекемеси, 2017-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгын жарыялады.

Буга караганда 2016-жылдан тарта 79 миллион 814 миң 871 киши болгон өлкөнүн калкынын саны, 995 миң 654 кишилик өсүү менен 2017-жылдын аягында 80 миллион 810 миң 525 кишиге жетти.

Эркектердин саны 50,2 пайыз менен 40 миллион 535 миң 135 киши, аялдардын саны болсо 49,8 пайыз менен 40 миллион 275 миң 390 киши болду.



Тектеш кабарлар