Коргоо өнөр жайынын жыйналышында 55 долбоор каралды

Коргоо өнөр жайынын аткаруу комитетинин жыйналышы президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Анкара Бештепеде кечээ өттү.

901109
Коргоо өнөр жайынын жыйналышында 55 долбоор каралды

Коргоо өнөр жайынын аткаруу комитетинин жыйналышында бардыгы 9,4 миллиард доллардык наркы болгон 55 долбоорго баа берилди.

Коргоо өнөр жайынын аткаруу комитетинин жыйналышы президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Анкара Бештепеде кечээ өттү.

Президенттиктен Коргоо өнөр жайынын аткаруу комитетинин жыйналышынан кийин жазуу түрүндө билдирүү жасалып, Комитеттин ишке ашырылган мыйзамдык түзөтүүдөн кийин алгач ирет президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулганына көңүл бурулду.

Билдирүүдө, «Жыйналышта, Сириянын Африн аймагындагы террористтерге карай «Зайтун бутагы» кыймылында армиябыздын жана коопсуздук күчтөрүбүздүн күчүнө күч кошкон жергиликтүү жана улуттук системаларыбызга жаңыларын кошууга карай долбоорлор каралып чыгып, жаңы токтомдор чыгарылды»,делди.

Жалпы 9,4 миллиард доллар наркы болгон 55 долбоорго баа берилген жыйналышта, коргоо өнөр жайынын өнүктүрүлүү, күчтөндүрүлүү жана колдоого алынуусу максатында ыктымалдуу инвестиция жана жакшыртуу иш-чаралары да каралып чыкканына орун берилди.



Тектеш кабарлар