Узунгөл 697 миң туристти тосуп алды

Ханефи Ток Узунгөлдүн дүйнөнүн жана Түркиянын негизги туризм жерлеринин арасында экендигин айтты.

900174
Узунгөл 697 миң туристти тосуп алды

Трабзондун Чайкара районунда бай өсүмдүк жабуусу жана панорамасы менен белгилүү Узунгөлдү өткөн жылы 697 миң 132 жергиликтүү жана чет элдик турист келип көрдү. Чайкара муниципалитетинин төрагасы Ханефи Ток Узунгөлдүн дүйнөнүн жана Түркиянын негизги туризм жерлеринин арасында экендигин айтты.

Узунгөлдү жыл сайын миңдеген туристтин келип көргөндүгүн билдирген Ток туристтердин чоң бөлүгүнүн да Булуң өлкөлөрүнөн келген коноктор экендигин айтты. Ток Узунгөлдүн туризм потенциалынын жылдын 12 айында улантылгандыгын белгилеп : «Узунгөлдү 2017 -  жылы 466 миң 270 жергиликтүү, 230 миң 862 чет элдик турист болуп, 697 миң 132 турист келип көрдү. Кызыгуулардан абдан кубанычтуубуз»,- деди.

Ханефи Ток Узунгөлдүн жайында өзүнчө, кышында өзүнчө кооздукка ээ экендигин белгилеп, аймактын кыш туризминде да атынан сөз кылдыра баштагандыгын сөздөрүнө кошту.

 

 

 



Тектеш кабарлар