Түркиянын Тышкы иштер министрлиги ЕПнин Түркия боюнча репортеруна каршылык көрсөттү

Түркия, Европа Парламентинин Түркия боюнча репортеру Кати Пиринин «ПККнын Европага коркунуч туудурбаганы» жөнүндөгү жарыясына каршылык көрсөттү.

899864
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги ЕПнин Түркия боюнча репортеруна каршылык көрсөттү

Анкара, Европа Парламентинин Түркия боюнча репортеру Пиринин «ПККнын Европага коркунуч туудурбаганы» жөнүндөгү жарыясына каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрликтин басма сөз катчысы Хами Аксой, Кати Пиринин жарыясына, «Европа коопсуздугунун бөлүнбөстүгүнүн жана террор уюмдарына каршы тайсалдоосуз кызыматташуунун манилүүлүгүн түшүнө албаган бирөөнүн Европа Парламентинин репортеру катары кызмат кылышы өкүндүрөт. Түркияга эң чоң коркунучту туудурган террор уюмдарынан бирөөнү коркунуч катары көрбөгөн кишинин өлкөбүз тууралуу репортер болушу кабыл алынгыс»,-деп карышылк көрсөттү.

Катчы Аксой, Пиринин ПКК террор уюму тууралуу акыркы сөздөрү жана бул айтымдар тууралуу сөздөрүнүн апыртылганы жөнүндөгү маалымдоосу туурасындагы суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Аксой анда, «ПККнын Европага коркунуч туудурбаганы» жөнүндөгү Пиринин айтымдарынын, көптөн бери ачыкталууга аракет кылынган кош стандарт жана эки жүздүүлүктүн моюнга алынуусу болгонун белгилеп кетти.

Аксой: «Пиринин сөздөрүнүн бурмаланганы жөнүндөгү билдириүүсү болсо жетишсиз жана негизинен каршы чыгуубузга карата жасалган болушунан улам кеч калган аракет болуп саналат»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар