Данияда жашаган түрктөрдөн колдоо

Данияда жашаган түрктөр Түркиянын Копенгаген элчилигинин алдында чогулушту.

897706
Данияда жашаган түрктөрдөн колдоо

Данияда жашаган түрктөр Түркиянын Копенгаген элчилигинин алдында чогулуп, түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ ПЙД/ЙПГ жана ДАИШке таандык террористтерди жок кылуу, дос жана бир тууган аймак калкын кысым жана зулумчулуктан куткаруу үчүн баштаган «Зайтун бутагы» операциясы жана Түркияга колдоо митингин өткөрүштү.

Колдорунда түрк байрактары менен элчилик имаратынын алдында чогулган топ акыркы күндөрдө террордук уюмдун жактоочуларынын кол салууларына дуушар болгон Түркиянын Копенгаген элчилигинин кызматкерлерине күч беришти.

Гимн аткарылган митингде Европалык түрк демократтар биримдигинин Даниядагы төрагасы Фатих Алев УЕТДнын «Зайтун бутагы» операциясы билдирүүсүн окуду.

Түркиянын Копенгаген элчиси Угур Кенан Ипек сөзүндө : «Бар болуңуздар. Келгениңиздер үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Биримдигибизди көрсөтүү ушундай болушу керек. Жасалгандарды, укуктуу дообузду, операциябазды башкаларга түшүндүрүү үчүн булар абдан маанилүү»,- деди.

Зайтун бутагы операциясы максатынын Түркиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган  террордук уюмдан тазалоо экендигин баса белгилеген Ипек : «Биздин эч бир группа менен, эч бир этникалык топ менен коомдор менен маселебиз жок»,- деди.  Иш чара сүрөткө тартылуу менен аяктады.



Тектеш кабарлар