Түркия террордук кол салууну айыптады
Бомбалуу унаалар жардырылып, адамдардын жабыркашына себепчи болгон.
896797
Түркия мурдагы күнү Ливияда болгон террордук кол салууну айыптады.
Тышкы иштер министрлиги тарабынан жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүдө: «Террордук кол салууда каза тапкандардын жаткан жерлери жайлуу болушун тилейбиз»,-делди.
Өлкөнүн Бенгази шаарында бомбалуу унаалар жардырылган жана адамдардын жабыркашына, жаракат алышына себепчи болгон кол салуулардын айыпталганы белгиленген билдирүүдө: «Ливияда баш аламандыкка түртүүнү каалаган террордук уюмдарга каршы бул өлкөнүн күрөшүүсүн колдойбуз»,-деген сөздөргө орун берилди.