Террор уюмуна курал берүүнү токтотуңуздар

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

896535
Террор уюмуна курал берүүнү токтотуңуздар

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трампка террористтерге курал берүүнү токтотуу чакырыгын салды...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

АКШнын талабы менен жүзөгө ашкан сүйлөшүүдө Түркиянын Сириянын Африн аймагына баштаткан «Зайтун бутагы» кыймылы негизги күн тартип беренени түздү.

Президенттиктин маалымат борборунан маалымдашкандай Эрдоган АКШнын президентине террор менен күрөшүүнүн алкагында, жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГга АКШнын курал жардамын берүүсүн токтотушу керектигин айтты.

Ошол эле маалымат булактарына караганда Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын «Зайтун бутагы» кыймылын эл аралык укуктун негизинде жана Бириккен Улуттар Уюмунун шартынын 51-беренесинен келип чыккан мыйзамдуу коргонуу укугу менен БУУнун коопсуздук кеңешинин терроризм менен күрөшүү темасындагы токтомдоруна ылайык ишке ашканын баса белгиледи.

Эрдоган, Түркиянын өзүнүн улуттук коопсуздугу үчүн Афринди террор элементтеринен тазалоону максаттаганын белгилеп өттү.

Эки лидер Сирия жана эки тараптуу карым-катнаш темаларында өлкөлөрүнүн арасындагы кызматташтыкты жана жакын байланышты улантуу боюнча чечкиндүүлүктөрүн белгилешти.



Тектеш кабарлар