АКШнын террор армиясын туула электе муунтабыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Анкаранын Кахраман Казан районунда электр энергиясын өндүрүүчү ишкананын ачылышында сөз сүйлөдү.

888856
АКШнын террор армиясын туула электе муунтабыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын террор армиясын туула электе муунта тургандарын айтты.

Анкаранын Кахраман Казан районунда электр энергиясын өндүрүүчү ишкананын ачылышында сөз сүйлөгөн Эрдоган, Сириянын түндүгүндө АКШнын 30 миң кишилик чек ара күчүн түзө турганын жарыялоосуна сереп салды.

Террор күчүнүн Түркияга коркунуч экенин баса белгилеген Эрдоган, жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнын көзөмөлүндө турган террор аймактарына ыктымалдуу операцияга токтолуп, Африн жана Менбичке «капыстан операция баштай ала тургандарын» айтты.

Өнүккөн Түркиянын айрым чөйрөлөрдү тынчсыздандырганын жана бул чөйрөлөрдүн тынымсыз түрдө Түркияны токтотуу үчүн аракет кылып жаткандарына басым жасаган Эрдоган: «АКШнын колдоосун алган ПКК/ПЙД бизге коркунуч туудурууда. Түркияны өз кабыгынын ичине тарткысы келип жатат. Тобуңуз менен келсеңиз да, эмне болсоңуз да төбөңөргө түшөбүз, мунун башка чарасы жок. Пушкалар менен атуудабыз, атууну да улантабыз.Өз чечимибизди чыгардык, учурда да операциялар уланууда. Кайсы тузактарды курушса курушсун, биздин 2023-жыл максаттарыбызга жетүүбүзгө бөгөт боло алышпайт»,-деп айтты.

АКШны террор уюмун колдоодон баш тартууга чакырган президен Эрдоган: «30000 кишилик курган армияң сени ал жерде толук түрдө өкүлдүк кыла албайт жана стратегиялык өнөктөшүңдүн алдында да уят болосуң. Биздин бардык шериктештерибизге айтканыбыз мындай: «Террористтер менен биздин ортобузда турбагыла. Мыкаачы үйүрлөрү менен биздин ортобузда турбагыла. Келип чыга турган, кааланбаган жагдайларга биз жооп бербейбиз. Террор уюмдарынын базаларындагы желектериңизди сиз өзүңүз алып салыңыз, кийин биз сизге тапшырып жүрбөйлү». Террористтер менен бирге болгондорду жерге көмүүгө мажбур болбойлу»,-деп айтты.

Түркиянын чек арасын бойлой террор уюмун куруу боюнча өжөрдөнгөн АКШнын Түркияны бутага алганын белгилеген Эрдоган: «АКШнын эми сөз менен алаксытуудан баш тартып ниетин айтуусун ыраазы болуп угабыз. АКШ террор армиясын курганын жарыялады. Биздин милдетибиз бул террор уюмун туула электе муунтуп жок кылуу. Андай болбосо кааланбаган жагдайларга биз жооп бербейбиз»,-деди.

Африн жана Мүнбичтин эң кыска убакта террордон тазалана турганына басым жасаган президент Эрдоган, анын артынан кезек берки аймактарга келе турганын, бир дагы террорист калбай калганга дейре операциялардын улана турганын айтты.



Тектеш кабарлар