Австриянын тышкы иштер министри Түркияга келет
Австралиянын тышкы иштер министри Карин Кнеиссл январь айынын акырында Түркияга келет.
Австралиянын тышкы иштер министри Карин Кнеиссл Түркия - Австралия карым - катнаштарында жаңы бир башталгычтын болоруна ишенгендигин белгиледи. Кнеиссл «Kurier» гезитине берилген маалыматында Австрия жана Түркиянын ортосунда начарлаган карым – катнаштарга токтолуп бирок булардын кайрадан оңоло аларын айтты.
Январь айынын акырында Түркияга жасай турган сапарынын маанисин баса белгилеген Кнеиссл : «Жаңы бир башталгыч болоруна ишенем. Диалог колдоого алыныш керек, диалогсуз эч нерсе алдыга жылбайт»,- деди.
Кнеиссл тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн мыкты атмосферада өткөндүгүн белгилеп, Түркияда саякат кылууну абдан жактыргандыгын жана сапар менен келүүдөн абдан ыраазы экендигин билдирди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.