АКШнын Түркиядагы элчи милдетин аткаруучусу Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Түркия, АКШга жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДга куралдуу билим берүүсүн улантканынын себебинен дипломатиялык каршылык көрсөттү.

885873
АКШнын Түркиядагы элчи милдетин аткаруучусу Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Түркия АКШга «террорго колдоо көрсөткөндүгү» үчүн каршылык көрсөттү...

АКШга жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДга куралдуу билим берүүсүн улантканынын себебинен дипломатиялык каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигине чакыртылган АКШнын элчи милдетин аткаруучусу Филип Коснеттке Вашингтон бийлигинин террор уюму тарабынан «Түндүк армиясы» катары аталган жалган түзүмгө куралдарды колдонуу билими берилиши менен катар аскердик колдоо көрсөтүлүшүнө тынчсыздануу болгону билдирилди. АКШнын атайын күчтөрү тарабынан машыктырылган жалган күчтүн 70 пайызынын ПЙД/ПККга мүчө террористтерден түзүлө турганы маалымдалууда.

Вашингтон бийлиги, Сириянын чыгышындагы Ракка жана Дейризор операциясында террор уюму ДЕАШтын чоң өлчөмдө жеңилүүгө учуратылганына карабастан жикчил террор уюму ПЙД/ПККга колдоо көрсөтүүсү улана турганын жарыялады.

АКШнын Борбордук күчтөрүнүн (CENTCOM) командири, армия генералы Жосеф Вотелдин 2017-жылдын 22-декабрында ДЕАШтын жандануусуна бөгөт болуш үчүн Сирияда чек ара сакчы бөлүктөрүн кура турганын жарыялаган.

АКШнын Коргоо министрлиги, чалгындоо кызматы CIA жана жикчил террор уюму ПЙД/ПККнын Кандил түзүмүнө, 400 террористти машыктыруусун бүтүрдү.



Тектеш кабарлар