Элчилер тышкы иштер министрлигине чакырылды

Орусия жана Ирандын Анкара элчиликтери Асад режиминин Идлибдеги кол салууларындагы тынчсыздануулардан улам тышкы иштер министрлигине чакырылды.

885263
Элчилер тышкы иштер министрлигине чакырылды

 Орусия жана Ирандын Анкара элчиликтери Асад режиминин Идлибдеги кол салууларындагы тынчсыздануулардан улам тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Орусиянын Анкара элчиси Алексей Ерхов менен Ирандын Анкара элчиси Ибрахим Тахериан Фард Сирияда режимдин Идлиб араздашуусун азайтуу аймактарындагы кол салууларынан улам тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Дипломатиялык  булактардан алынган маалыматка ылайык Түркия режимдин Сириядагы араздашууну азайтуу аймактарындагы эреже бузууларынан улам тынчсыздангандыгын, аскердик жана дипломатиялык каналдардан Астанада режимдин кепилдигин моюнга алган орус жана ирандык жетекчилерге билдирди.

Эреже бузуулардын улантылышы менен акыркы жолу  Орусиянын Анкарадагы элчиси Ерхов кечээ министрликке чакырылды жана Түркиянын бул тууралуу тынчсыздануусу катуу сөздөр менен билдирилди. Айрыкча 29 – 30 – январда Сочиде өткөрүлө турган «Сирия улуттук диалог конгрессине» барган процесстеги эреже бузууларды ылдамдык менен токтотуу үчүн режимге керектүү маалыматтардын берилиши талап кылынды.

Ошол эле алкакта режимдин башка бир кепили Ирандын Анкара элчиси Фард да тышкы иштер министрлигине чакырылды.

Режим бөлүктөрүнүн Идлиб араздашуусун азайтуу аймагынын түштүк  - чыгышында бир канча убакыттан бери жүргүзүп келе жаткан кургак жер операцияларынын алкагында акыркы күндөрдө сөзү болгон аймактын чектерин бузуп, аймак ичинде калган кээ бир отурукташуу жерлеринин текшерүүсүн колго алгандыгы көрүнүүдө.

Түркия режим бөлүктөрүнүн ушундайча алдыга жылышын жөнөкөй бир эреже бузуу эмес, Астанада үч кепил өлкө түзгөн макулдашуу боюнча түзүлгөн Идлиб араздашууну азайтуу аймагынын чек араларынын бузулушу катары каралууда.



Тектеш кабарлар