Түркия Грециядан ФЕТӨнүн мүчөлөрүн кайтарып берүүсүн күтүүдө

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, Президенттик комплексинде президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Министрлер кеңешинин жыйналышы уланып жатканда журналисттерге маалымат берди жана суроолорго жооп берди.

884478
Түркия Грециядан ФЕТӨнүн мүчөлөрүн кайтарып берүүсүн күтүүдө

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, грек сотунун бул өлкөгө качкан бир козголоңчунун башпаанек талабынын кабыл алынуусун токтотушунун ыраазы кылуучу болгонун айтты.

Бекир Боздаг, Президенттик комплексинде президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Министрлер кеңешинин жыйналышы уланып жатканда журналисттерге маалымат берди жана суроолорго жооп берди.

Боздаг, Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 2016-жылы 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Грецияга качкан 8 козголоңчудан бири болгон Сүлейман Өзкайнакчынын башпаанек укугунун грек соту тарабынан токтотулушунан кийин кайра кармалышы тууралуу токтом чыгаруусун ыраазы болуп кабыл алгандарын, Грециядан ушул 8 козголоңчунун тез арада Түркияга кайтарылып берилишин күткөндөрүн кайталады.

Греция менен Эгей деңизи темасында болуп жаткан полемикалардын ички саясаттын материалы кылынышына каршы экендиктерин белгилеген Боздаг: «Түркия, Эгейде жана башка тармактарда өзгөрүүгө эч качан уруксат бербейт»,-деди.

АКШда уланган чатактуу эмбарго доосуна токтолгон Боздаг, бул доонун саясий доо болгонун, укуктук таянычы болбогонун, доонун прокурордун, жоопко тарткан судьянын, доонун жалганчы күбөлөрүнүн ФЕТӨ сыяктуу сүйлөгөнүн, бул кишилердин ФЕТӨ менен болгон карым-катнаштарынын жакшы билингенин айтты.

Боздаг, бул доонун Түркиядагы ийгиликсиз төкөрүш аракетинин уландысы болгонун айтты.

Боздаг, Иранда 28-декабрда башталып 8 күнгө созулган тыштан козутулган нааразылык акциялары тууралуу болсо Иран калкынын чагымчылыктарга алдырбай, токто дегенин жана окуялардын күчөп кетишине бөгөт койгонун маалымдады.



Тектеш кабарлар