Көп уюлдуу дүйнөдө Африка менен байланыш куруу

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын DailySabah гезитине 29.12.2017 жылы жарыялаган макаласы.

880385
Көп уюлдуу дүйнөдө Африка менен байланыш куруу

Африка дүйнө сахнасында тең укуктуу мамилеге ылайык. Бүгүн материктин жаңы форма менен колонияга алынууга эмес, адилеттикке жана ырааттуулукка муктаждыгы бар.

Африка абдан чоң материк. Африка менен байланыш куруу, көп уюлдуу бир дүйнөдө көп басамактуу бир кыймылды керек кылат. Түркия акыркы 10 жылда бул өлкөнүн негизинде кыймыл кылып Африка менен байланыш куруу аракетинде болуп келди.

Африка мамлекеттери азыр да колониячылдыктын мурасы, жарандык согуш, террор, коррупция, басизтик кемчилик, өнүгүү жана экологиялык маселелер менен бирге көптөгөн башка кыйынчылыктар менен күрөшүүнү улантышууда. Бирок ошол эле учурда бай табигый булактарга, жаш жана динамикалуу калкка жана дүйнөгө ачык Африка абдан чоң потенциалга да ээ. Түркия 2005 -  жылы «Африка кыймылы» саясатын жүргүзө баштагандан бери бардык бул динамикаларга көңүл буруп жана аянтта да жыйынтыктарын көрдү. Бул абалга бир мисал Түркиянын Сомали менен курган карым – катнашы. Сомалиде ишке ашырылган түрк өнүгүү модели ишке жарап жана өлкөнүн күчкө бөгөт болуу жана тартип, өнүгүүнү иретке салуу аракеттерине маанилүү салым кошту.

Сомали азыр да террор менен жокчулук менен жана күчтүү бир борбордук өкмөттүн жоктугу менен күрөшүүгө аракет кылып жаткан болсо да азыркы учурда беш жыл мурункудан дагы жакшы абалда. Түркия көз карандылыктын жана колониялыктын жаңы белгилерине себеп болуудан башка Сомали калкынын өз бутунда турушу үчүн расмий мекемелерди жана жарандык коом мекемелердин жардамы менен Сомалиге инвестиция салуу менен жардам берди.

Түркия акыркы он жылда Африкадагы элчиликтеринин санын 12ден 39га чыгарды жана ошол эле мезгилдин ичинде Африка менен болгон соода көлөмүн 5 – 6 эсеге арттырды. Президент Р. Т. Эрдоган өткөн бир канча жылдын ичинде 24 Африка өлкөсүнө барды жана эки жолу Түркия  - Африка саммитин өткөрдү.

Экономикалык жактан каралганда көптөгөн Африка өлкөсү бай табигый булактарга ээ болгондугуна карабастан жакырдык жана аз өнүү менен күрөшүүдө. Дүйнө банкы жакындарда материк боюнча жарыялаган анализинде буларга орун берген : «Аймакта экономикалык өсүү, кризистен мурунку мезгилдин ортоломосунан төмөндө баратат жана экономиканын жалпы көрүнүшүндө азыр да  риск бар. Орточо деңгээлде өсүүнүн 2016 - 2017 – жылы төмөндөгөн киши башы кирешеге чагылышы акырындап болот жана орток бейкуттук же жакырдык менен күрөшүүнүн арттырылышы сыяктуу максаттарга жетиши үчүн да жетерсиз болот». Бирок ошол эле отчетто булар айтылууда: «Африка жана Сахарада алып барган иштеринде өзүнө келүүчүлүк күтүлүүдө. Сырьелук бааларында жана ички талапта боло турган басамактуу өсүү менен инфляциянын төмөндөшү жана акча саясаттарынын жумшарышы менен бирдикте 2018 -  жылы өсүү 3, 2 пайыздык деңгээлге, 2019 – жылы болсо 3, 5 пайызга жогорулайт».

Келерки жылдардын Африка экономикасы үчүн дагы жакшы болбошу үчүн эч бир себеп жок. Глобалдык экономиканын борбору батыш тышында дүйнөгө карай бара жатканда, Африка өлкөлөрүнүн экономикаларын түрдөнтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө жетиши мүмкүн. Эгерде улуттук алдыңкылыктар туура белгиленип жана дициплиналуу жана чечкиндүү түрдө ишке ашырыла турган болсо глобалдык соода жана инвестициялар Африка өлкөлөрүнүн пайдасына кызмат кыла турган абалга келет.

Президент Эрдоган ушунун негизинде  Судан, Чад жана Туниске зыярат менен барды. Түркиядан мамлекет башчысы деңгээлинде биринчи жолу жасалган сапар эки тараптуу саясий жана экономикалык карым – катнаштардын өнүктүрүлүшүнө көңүл бурулуп жана айрыкча сапардын негизинде ар башка тармактарда келишимдерге кол коюлду.

Судандагы тосуп алуу аземи миңдеген киши катышкан жана эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын күчтөнүшүн каалаган тосуп алуу аземи болду. Президент Эрдоган Хартум менен бирге Порт Суданды жана кылымдар боюу Африкада ажылар тарабынан порт катары колдонулган тарыхый Савакин аралына да барды. Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги ТИКА андан мурда бул аралда эки мечит жана бир порт имаратынын рестоврациясын кылдырып, азыр болсо келерки мезгил үчүн бир топ жаңы проектини турмушка ашырууну пландап жатат. Башка бир чоң проекти менен бирге Түркия Суданда чоң дыйканчылык демилгесин баштоону максат кылып жатат. Ушуга окшогон бир сахна 150гө жакын түрк ишкеринин кесиптештери менен жолугушуп инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн карап чыккан Чад саммитинде да ортого чыкты. Чад дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн бирөөсү жана бардык тараптан улантууга боло турган колдоого муктаж.

Түркия тектүү тарыхы жана маданий карым – катнаштарга ээ болгон Тунисте болсо расмий сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу экономикалык карым  - катнаштар менен бирге Кудус маселеси жана Катар менен башка булуң өлкөлөрүнүн ортосундагы карым – катнаштарды да камтыган аймактык саясий абалдар да каралды.

Түркия жана Тунис ушул жана башка аймактык темалардагы өнөктөштүктөрүн кайталоо менен тастыкташты. Ясемин төңкөрүшүнүн башталышынан бери Түркия керектүү болгон кредитти берүү менен керек болсо коопсуздук күчтөрүн машыктырып жана камсыздап, дайыма Тунистин жанында орун алды.

АКШнын Кудусту бир тараптуу Израилдин борбор шаары жарыялаган чечими четке кагылган БУУнун Жалпы Кеңеши Кудус тууралуу добуш берүүдө Африка өлкөлөрүнүн оң роль ойногондугу белгилениши керек. Бул абал негизинен күтүлбөгөн нерсе катары каралбашы керек. Себеби Африка элдеринин өздөрү колониячылдыктын, басып алуучулуктун, улуттук бөлүүчүлүктүн жана топ түрүндө жазаландыруунун курмандыгы болуп келгени үчүн Палестина калкынын кыйынчылыктарын эң жакшы түшүнүү мүмкүнчүлүгүнө алар ээ болушту. Башка нерселер менен бирге Африканын Палестина маселесине байланыштуу жактырган бүтүндүк көз карашы африкалыктардын аймактык жана глобалдык абалдарды кыска мөөнөттүү саясий жана экономикалык кызыкчылыктардан башка адилеттик жана уяттуулуктун манжасынан көрүшкөндөрүн ортого салып жатат.

Африка бир караганда түшүнүүгө болбой турганчалык жана көп катмардуу өлкө. Муктаж болгон нерсе болсо колониянын жаңы формалары эмес, тынчтык, адилеттик жана ырааттуулук.

Дүйнө Африканы кайрадан ачып жатып, Африка да дүйнөгө ачылууда. Бул процесс бири биринин кызыкчылыгы,  ишеним жана өнөктөштүккө таянган бир карым – катнашты жаратышы керек. Көп уюлдуу дүйнөдө Африка менен байланыш куруунун жолу ушул.

 

 



Тектеш кабарлар