Эрдогандын Тунистен кайтуусунда берген маалыматы

Президент Р. Т. Эрдоган батыш дүйнөсүнүн исламды бөлүп – жарууга аракет кылып жаткандыгына көңүлдөрдү бурду.

878326
Эрдогандын Тунистен кайтуусунда берген маалыматы

 Президент Р. Т. Эрдоган батыш дүйнөсүнүн исламды бөлүп – жарууга аракет кылып жаткандыгына көңүлдөрдү бурду.

Эрдоган Африка сапарынын акыркы аялдамасы Тунистен кайтышында учакта журналисттердин берген суроолоруна жооп берди. Батыш басма сөзүндө өзү тууралуу «Сунни мусулмандардын лидери»,- деген мүнөздөмөлөрдү белгилеген Эрдоган : «Бул тууралуу суннилик жана лидерлик тууралуу ар башка кароо керек. Биз сунни же шиит деген бөлүүчүлүктүн ичинде орун албайбыз. Биздин суннилик деген шииттик деген динибиз жок. Бир гана динибиз бар ал да ислам. Ислам эмне десе биз аны аткаруу менен милдеттүүбүз. Ансыз да бизди сунни, шиит деп бөлүштү. Мындай оюндарга кирбеш үчүн абдан этият болушубуз керек»,- деди.

Кудустун статусу тууралуу абалдарга да токтолгон Эрдоган : «Түркиянын кезектешкен башкаруучулугунда Ислам Кызматташтык Уюму катары Стамбулда 13 -  декабрда өткөрүлгөн кезектеги саммитке дагы көп катышуу болсо болмок»,- деди.

Араб лигасындагы кээ бир өлкөлөрдүн Кудус тууралуу жетерлик  кызыгууну көрсөтпөгөндүгүн баса белгилеген Эрдоган мунун капалантуучу экендигин айтты. Ислам Кызматташтык Уюмунун курулушунун Кудуска таянган Кудус үчүн экендигин айткан Эрдоган : «Бул уюм функциясын дагы күчтүү түрдө орундатышы керек. Ислам Кызматташтык Уюму БУУнун негизинде оордугун сала ала тургандай күчтө болушу керек. Дүйнөдө көз карандысыздар блогу бар. Стамбулдагы саммитке  алар да катышты. Европа Биримдиги ичинде аз да болсо жоготуу болду, бирок процессти колдошту»,- деди.

Экономика тууралуу да баа берген Эрдоган Түркиянын 2017 – жылды 7 пайыздан жогору бир өсүү менен аяктай тургандыгын айтты.

Сириянын түндүгүндө АКШнын жана кээ бир батыш өлкөлөрүнүн колдоосу менен бир террор коридорун түзүүнү каалагандыгын баса белгилеген Эрдоган : «Жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ жана ПЙД тууралуу биздин ал жерде террор коридоруна уруксат беришибиз мүмкүн эмес. бир түнү күтүлбөгөн жерден керек болгон нерсе аткарылат»,- деди.



Тектеш кабарлар