Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйыны

Жылдын акыркы кезектеги Улутук Коопсуздук Кеңешинин жыйыны президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде өткөрүлдү.

857319
Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйыны

Жылдын акыркы кезектеги Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйыны президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде өткөрүлдү.

3 жарым саатка созулган жыйындан кийин берилген маалыматта Сириянын Африн аймагына операция жүргүзүү чечими чыкты. Маалыматта : «Түрк куралдуу күчтөрүнүн Идлиб араздашууну азайтуу аймагында байкоо миссиясын ийгиликтүү уланткандыгы,  бул милдеттин Батыш Халеп менен Африн жакындарында да аткарылышы менен тынчтык жана ишенимдүү чөйрөнүн түзүлүшү каралды»,- деп билдирилди.  

Маалыматта : «ПКК/ПЙД/ЙПГ террордук уюмунун Сириянын эзелки демографиялык түзүлүшүн этникалык тазалык кылуу менен бузулушун жана территорияга ээ болуу аракеттеринин эл аралык укукка жана адам укуктарына тескери экендиги, Түркиянын өз коопсуздугун түзүү максатында өзгөчө чек ара аймагында керек болгон бардык чараларды көрүүнү улантары дагы бир жолу баса белгиленди»,- деп айтылды.  Билдирүүдө : «Норвегияда өткөрүлгөн Trident Javelin 2017 аттуу НАТО машыгуусунда республиканын куруучусу Гази Мустафа Кемал Ататүрк менен түрк улутунун жана мамлекетинин өкүлү президент Р. Т. Эрдоганга карата душман катары мамилелер менен сөздөрдүн эч качан кабыл алынбай тургандыгы дагы бир жолу баса белгиленди»,- деп айтылып, бул тууралуу териштирүүнүн тереңдетилишинин күтүлүп жаткандыгы белгиленди.

Аракандык мусулмандарга гуманитардык жардамдын берилиши, үйлөрүнө жана өлкөлөрүнө кайтуулары үчүн эл аралык коомчулукка жасалган чакыруунун кайталангандыгы белгиленген билдирүүдө : «Бул тууралуу акыркы мезгилде болуп жаткан абалдардын жакындан иликтенгендиги, өлкөбүздүн бир адамзаттык сынагы болгон бул трагедияны акырына чыгаруу жагдайында өзүнө түшкөн милдетти аткарууну улантаары айтылган»,- деген баа берүүгө да орун берилди.

 



Тектеш кабарлар