АКШ менен Түркиянын виза кризиси жоюлду

Түркиянын Вашингтондогу Элчилигинин жарыясында АКШ бийлигинин бул багыттагы кадамынын артынан түрк өкүлчүлүктөрүнүн да виза тейлөөлөрүн чектелген түрдө кайрадан баштагандары билдирилди.

842174
АКШ менен Түркиянын виза кризиси жоюлду

Түркия, АКШнын атуулдарынын виза кайрылууларын аз-аздан кабыл ала баштады.

Түркиянын Вашингтондогу Элчилигинин жарыясында АКШ бийлигинин бул багыттагы кадамынын артынан түрк өкүлчүлүктөрүнүн да виза тейлөөлөрүн чектелген түрдө кайрадан баштагандары билдирилди.

АКШ, Анкаранын бул кадамынан мурда Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө виза кайрылууларын чектелген түрдө кайрадан кабыл ала баштаганын жарыялаган.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин булактары болсо Вашингтон бийлигинин бул чечимин премьер-министр Бинали Йылдырымдын бүгүн 7-ноябрда баштала турган АКШ сапарынын алдында ташталган «оң кадам» деп мүнөздөп, ушундай эле жол жүргүзүлө турганын белгилеген.

Эки өлкөнүн ортосунда виза кризиси өткөн айда АКШнын Стамбулдагы Консулудугунда иштеген бир кишинин Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен байланышынын себебинен кармалышынан кийин башталган.

АКШ бийлиги 8-октябрда түрк жарандарынын виза кайрылууларын кабыл алуусун токтоткон, Анкара бул чечимге эсеси менен жооп кайтарган.

Бул учурда Түркиянын Вашингтондогу Элчилигинин жарыясында, «Түркия укук мамлекети болуп саналат жана сот процесси уланган делолор тууралуу Өкмөтүбүздүн кандайдыр бир ишеним бериши мүмкүн эмес»,делди.

АКШ тарабынын Түркия өкмөтүнөн «ишеним алынганы» тууралуу айтымдарынын чындыккка жатпаганы белгиленген жарыяда айрыкча Түркияда консулдук милдеттеринин тышына чыгып кылмыш кылган кишилерге мындан кийин да көз карандысыз сот процесстеринин иштөөсү мүмкүн боло турганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар