190 өлкөнүн жакшылык элчилери Антальяда жолугушат

Эл аралык Кызылай – Кызыл Крест коомдору федерациясынын жалпы кеңеши 190 өлкөдөн 1500 жакшылык элчисинин катышуусу менен 5 – 11 - ноябрда Антальяда өтөт.

840341
190 өлкөнүн жакшылык элчилери Антальяда жолугушат

Эл аралык Кызылай – Кызыл Крест коомдору федерациясынын жалпы кеңеши 190 өлкөдөн 1500 жакшылык элчисинин катышуусу менен 5 – 11 - ноябрда Антальяда өтөт.

Түрк Кызылайынан берилген маалыматка караганда «дүйнөнүн эң чоң гуманитарыдк жардам уюмдашуусу» деп мүнөздөлгөн Эл аралык Кызылай- Кызыл Крес коомдору федерациясынын жалпы кеңеши президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде жана Кызылайдын үй ээлигинде өткөрүлөт.

1969 -жылы Стамбулда 21 -Эл аралык Кызыл Крест Кызылай конференциясын тосуп алган Түркия ушундайча 48 жылдык убакыттан кийин Эл аралык Кызыл Крест – Кызылай кыймылынын глобалдык деңгээлдеги мыйзамдуу жыйындарын өткөргөн болот. Жыйындардын негизги темасы «Адамзаттын күчү» болот.

Жалпы Кеңеште Мьянма, Сомали, Ирак жана Сирияда болгон адамзаттык кризистер тууралуу сөз болот жана чечүү сунуштары каралат. Жалпы Кеңеште айрыкча Түрк Кызылайынын баш директору доктор Керем Кынык Эл аралык Кызылай- Кызыл Крест коомдору федерациясынын Европа башкармылыгы үчүн жарышат. Федерациянын төрага орун басарлары жана башкаруу кеңешинин мүчөлөрү, Африка, Америка, Азия жана европа болуу менен 4 аймактын башкаруулары үчүн да шайлоо өткөрүлөт.

 



Тектеш кабарлар