Түркия айдоочусуз жана акылдуу кургактыктан жүрүүчү унааларды жасап чыгарат

Жергиликтүү айдоочусуз кургактыктан жүрүүчү унаалардын өнүктүрүлүшү үчүн Робоик конкурстары башталды.

837314
Түркия айдоочусуз жана акылдуу кургактыктан жүрүүчү унааларды жасап чыгарат

Коргоо өнөр жай кеңешчилиги, айдоочусуз жана акылдуу кургактыктан жүрүүчү унааларды жасап чыгаруу үчүн старт берди.

Жергиликтүү айдоочусуз кургактыктан жүрүүчү унаалардын өнүктүрүлүшү үчүн Робоик конкурстары башталды.

Түркия бир канча жылдын ичинде эркин, өз жолун таба алган жана берилген милдетти алыстан башкаруучу пульт болбостон орундаткан аскердик унааларды жасап чыгарууну каалайт.

Конкурстун негизинде Түркиянын коргоо өнөр жайында өнүккөн деңгээлдеги технологиялар колдонулуп ички коопсуздук жана аскердик тармакта операциялык жөндөмдүүлүгү арттырылган, ката үлүшү азайтылган, ыктымалдуу кызматкерлердин кемчиликтеринин алдын алууга салым кошо турган айдоочусуз системалардын долбоорлонушу максатталууда.

Конкурстун аба, суу асты жана суу үстү унаалары тууралуу форматтары да 2018-жылы аткарылат.

Долбоор прототип өндүрүү жана программа темасында жыл сайын өткөрүлө турган конкурс аркылуу алдыбыздагы бир канча жылдын ичинде Түркия, эркин, өз жолун таба алган жана берилген милдетти алыстан башкаруучу пульт болбостон орундаткан аскердик унааларды жасап чыгарат.

Унаалардын үстүнө курал платформасы, камера системалары же болбосо байланышууну камсыздай турган релелик системалары коюлса болот.

Конкурс алдыдагы жылда программага багытталат. Ушундайча алыстан башкарылуучу айдоочусуз унаалар бара-бара өзүн өзү башкара алган акылдуу технологияларга айланат.

Жаңы муундагы робоик системалар келечектин согуштары жана террор коркунучтарына каршы күчтүү армиялардын ээ болушу керек болгон маанилүү стратегиялык жөндөмдүүлүктөрдүн арасында көрүнүүдө.

Айдоочусуз жана акылдуу кургактык унаалары ар түрдүү, тоскоодуктарга толгон аянттарда болгону сыяктуу шаарларда отурукташкан маалардагы кагылышууларда да коопсуздук күчтөрүнүн күчүндөй таасир жаратат.

Аскерден мурда кире турган жерлерде чалгындоо максаттуу видео алуудан тартып жакын колдоо жана ок атуу колдоосуна, жүктөнгөн ок-дарыны кагылышуу болгон жерге ташып барууга чейин олуттуу операциялык салымдарды кошо турганы сыяктуу, душмандын көңүлүн бура турган тактикалык милдеттерди да аткарат.

Системалардын үн чыгарбастан жашынып өтүшү үчүн гибрит системалар катары өнүктүрүлүшү пландалууда. Улуттук адамсыз акылдуу системалар Түрк куралдуу күчтөрүн күчтөндүрөт.

Коргоо өнөр жай кеңешчилиги уюштурган «Робоик-адамсыз жана эркин кургактык унааларын долбоорлоо конкурсу» үчүн кайрылуулар 15-ноябрда соңуна чыгат.

Конкурска катышуу үчүн кандайдыр бир окуу жайдын диплому талап кылынбайт.

Эркин чийүү же үч өлчөмдүү модель долбоорлоо менен кишилер, фирмалар же университеттерден окуучу топтор конкурска катыша алат.

Ушул убакка дейре конкурс үчүн 180ден ашуун кайрылуу келди.

Конкурста биринчи болгондорго 3D категориясында 100,000 түрк лирасы, эркин чийүү категориясында 30,000 түрк лирасындай сыйлык берилет.

Сыйлыктар 12-декабрда өтө турган азем менен ээлерине тапшырылат.

Иш-чаранын алкагында «Айдоочусуз жана акылдуу системалар семинары» өткөрүлөт жана ушундай түрдөгү платформалар көргөзмөгө коюла турган кичине жарманке аянты курулат.



Тектеш кабарлар