Түрк трактору 130 өлкөгө сатылууда

Дүйнөнүн эң чоң төртүнчү трактор базарына ээ болгон Түркияда чыгарылган тракторлор 5  континентте 130дан ашуун өлкөгө экспорттолууда.

835650
Түрк трактору 130 өлкөгө сатылууда

Дүйнөнүн эң чоң төртүнчү трактор базарына ээ болгон Түркияда чыгарылган тракторлор 5  континентте 130дан ашуун өлкөгө экспорттолууда.

ТүркТракторунун сатуу боюнча жооптуу башкы директорунун орун басары Ирфан Өздемир базарда сатылган ар бир эки трактордун бирөөсүнүн ТүркТратор заводдунан чыккандыгын белгиледи. Өздемир бул сектордо жогорку технологиянын муктаж экендигин белгилеп, Глобалдык позициялык системасы жана чарба системаларынын абдан чоң мааниге ээ болгондугун баса белгиледи.

Чарба иш чараларынын тактык менен аткарылышына мүмкүнчүлүк түзө турган,  операторлордон улам чыккан жаңылыштыктарды эң азга түшүрө турган, Глобалдык позициялык системаларын жана чарба техникаларын колдонууга шарт түзө турган системаларды  түзүүгө аракет кылгандарын билдирген Өздемир изилдөө – өнүктүрүү ыкмасы менен 150гө жакын инженер менен бул жылы 25 проекти боюнча иштешкендерин айтты.

 Өздемир буларды белгиледи : «ТүркТрактор катары Түркиянын трактор өндүрүшүнүн 67 пайызын жалпы трактор экспортунун да 87 пайызын ишке ашыруудабыз. Түркия 5 континентке 130дан ашуун өлкөгө экспорт кылууда. Экспортубуздун 40 пайызын Түндүк Америка жана Канадага жасап жатабыз. Экспорт кылган өлкөлөр ылдам артууда. Экспорт темпибиз толугу менен улантылууда. Бир канча ай мурда Жаңы Зеландия менен Австралияга бардым. Австралия  менен Жаңы Зеландия дүйнөлүк айыл  - чарба жана мал  - чарбачылыгы өнүккөн өлкөлөр. Жаңы Зеландияда бир авокадо жана киви багынан бакча тракторун көрдүм. Тракторду изилдедим. Биздин Түркияда Сакарияда чыгарган бакча тракторубуз. Дүйнөнүн бир учунда, Жаңы Зеландияда түрк жумушчусу жана инженери тарабынан чыгарылган түрк тракторун көрүүнүн сыймыгын, кубанычын жана бакытын жашадым».

 



Тектеш кабарлар