Түрк куралдуу күчтөрүнүн ПККга карата бир жумалык операциясы
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан ПКК террордук уюмга карата акыркы бир жумада жүргүзүлгөн операцияларда 72 террорист өлтүрүлдү.
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан ПКК террордук уюмга карата акыркы бир жумада жүргүзүлгөн операцияларда 72 террорист өлтүрүлдү.
Хаккари, Шырнак, Диярбакыр, Эрзурум жана Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн операцияларда ПККнын баш калкалоо жерлери менен өткөөл багыттары бутага алынды. Операцияларда террористтерге таандык көп сандаган курал менен ок – дары колго түшүрүлдү, 21 курал буктурмасы, баш калкалоочу жер жана үңкүр жардырылды. Операцияларда ПККнын финансы булактарына да сокку урулду.
62 миң 097 пакет тамеки, 34 мыйзамсыз телефон, 286 жандык жана 389 килограмм банги зат колго түшүрүлдү. Чек аралардан мыйзам тышы жолдор менен өтүүгө аракет кылган 13 миң 249 киши кармалды. Акыркы бир жумада жүргүзүлгөн операцияларда 7 аскер шейит болуп, 11 аскер жараланды.
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын түндүгүндө жүргүзүлгөн операцияларда болсо Ел Баб аймагында жарылуучу зат жана мина издөө, тазалоо иштери улантылып, ПКК жана Сириядагы уландысы ПЙДни токтотууга карата чаралар ишке ашырылды.
Түрк куралдуу күчтөрү Идлиб аймагында 23 - октябрда байкоо жерин курду. Башка байкоо жерлерин куруу иштери да улантылууда.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.