Бир түнү капыстан кирип барабыз...

Президент жана АК Партиянын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

833436
Бир түнү капыстан кирип барабыз...

Президент жана АК Партиянын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын Идлиб шаарындагы операциянын чоң өлчөмдө натйыжаланганын белгилеп, мындан кийинки кадамдын Африн боло турганын айтты.

Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

Сириянын түндүгүнө салынган чек аранын ары жагына жүргүзүлгөн операцияга токтолгон Эрдоган, жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнын көзөмөлүндө турган Афринге капыстан операция жасала ала турганынын белгисин берип, «Бир түнү капыстан кирип барабыз, бир түнү капыстан ата алабыз»,-деди.

ПЙДнын АКШнын да колдоосу менен Ракканы колго алгандан кийин, бул шаарда уюмдун жалган корбашчысынын сүрөтүнүн илинишине каршылык көрсөткөн Эрдоган: «Эй АКШ, Раккада жикчилдердин корбашчысынын сүрөтү илингенине эмне дейсиң? Биз чындыктар туурасында айтып жатабыз. АКШ, террор уюмуна 3500дөн ашык фура менен курал ташыды. Булардын кайда жана кандай сакталганын билебиз»,-деп айтты.

Ирак жана Сирия элдерине кайрылган Эрдоган: «Ирак жана Сириядагы бардык туугандарыма кайрылуудамын. Ушул убакка дейре аймакта батыштык империалисттердин сөзүнө алданып, кыймылга өтүп, кайгыга чөмүлбөгөн эч ким жок»,-деди.

Түркиянын террор уюму менен күрөшүүсүндө илгерилеген сайын бир канча атаандаштарда каршылык көрсөтүү бийиктей баштаганын көргөнүн айткан Эрдоган, АКШ менен болгон виза кризиси жана Австриядан Түркияга келгиси келген жүргүнчүлөрдүн Австриянын полициясы тарабынан аэропортто иттер менен тинтилишинин себебинин Түркиянын террор менен күрөшүүсүндө жетишкен ийгиликтүү жыйынтыктарын көрө албоосу болгонун айтты.

АКШнын Фетуллахчы террор уюму менен байланыштарына да токтолгон Эрдоган: «ФЕТӨ менен байланышынын себебинен бирөөнү камакка алдык. АКШ дипломатиялык кол тийбестиги бар деп телефонун коргоп чыгууда. Мындай нерсе жок. Башкы консулдуктан чыккан менен жарандык коомдук уюмдун мүчөсү дегендеринин Түркиянын Соросу делген киши менен байланыштары көрүнүүдө. Таксим окуяларынын артында карасаңыз ошол эле киши бар. Белгилүү бир жерлерге чоң көлөмдөгү каражатты которуунун артынан да булар чыгууда. Улутубуз менен чогуу чаран тик турабыз жана жооп беришин талап кылабыз»,-деп айтты.

Түркиянын террор уюмдары менен күрөшкөн убактарында негизги максаттарынан да баш тартпашы керектигин белгилеген Эрдоган, экономика булардын башында турганын айтты.

Жумуш менен камсыздоодо 29 миллионго жакындагандарын баса белгилеген Эрдоган, туризмде да максаттарына жете тургандарын айтты.

Борбордук банктагы резервдин 117 миллиард доллар деңгээлине жеткенин айткан Эрдоган, бул санды эң кыска убакта 135 миллиард доллардын үстүнө чыгара тургандарын белгилеп кетти.

 



Тектеш кабарлар