Түрк куралдуу күчтөрүнүн операциясы

Жүргүзүлгөн аба операциясында 4 террорист өлтүрүлдү.

830975
Түрк куралдуу күчтөрүнүн операциясы

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Зап жана Авашин – Басян аймактарында ПКК жикчил террордук уюмдун террористтерине карата жүргүзүлгөн аба операциясында 4 террорист өлтүрүлдү. Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта : «Чалгындоо жана байкоо каражаттары менен чек арадагы база аймактарыбызга жана пункттарга кол салуу үчүн даярданып жатканы аныкталган террористтерге жасалган аба операциясында жалпы 4 куралдуу террорист өлтүрүлдү»,- деп билдирилди.

Операцияга катышкан учактардын коопсуз түрдө базаларына кайтып келишкендери билдирилди.

Башкы  штабдын төрагалыгы 12 – 18 -  октябрь күндөрүнүн арасында ПККга карата жүргүзүлгөн операцияларда экөөсү лидер кадрында болгон 45 террористтин өлтүрүлгөндүгүн да билдирди.



Тектеш кабарлар