АКШнын Түркиядагы кээ бир консулдуктарында агенттери бар

Президент Эрдоган Сербиядан кайтуусунда виза кризиси, S-400 төр тууралуу маалымат берди.

826036
АКШнын Түркиядагы кээ бир консулдуктарында агенттери бар

 Президент Р. Т. Эрдоган АКШнын Түркиядагы кээ бир консулдуктарында агенттеринин бар экендигин айтты.

Эрдоган: «Консулдуктарынын ичинде Фетуллахчы террордук уюмдун агенттери бар. Булар дипломат эмес, агент. Буга окшогон агенттер азыркы учурда Америкада да бар. Ал агенттер да конгресс менен абдан тыгыз байланышта. Булардын баары чындык катары ортодо. Ансыз да ФЕТӨнүн башкы агенти Пенсильванияда»,- деди.

Эрдоган расмий сапар менен барган Сербиядан өлкөгө кайтуусунда күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди.

Президент Эрдоган АКШ менен болуп жаткан виза кризисинин жооптуусунун Анкара элчиси Жон Басс экендигин кайталады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуна кризистин чечилиши үчүн «Комиссия түзөлү» деген сунуш киргизгендигин белгилеген Эрдоган бул тууралуу тексттин билдирилишин күтүп жатышкандарын айтты.

Эрдоган Орусиядан S-400 ракеталык коргонуу системасын алууга байланыштуу берилген суроого да : «S-400 тууралуу кандайдыр бир кыйынчылык жок. Биринчи пакетте орток  өндүрүш болбойт. Экинчи пакеттен баштап орток өндүрүштүн кадамдарын таштайбыз. Урматтуу Орусиянын президенти Путин менен сүйлөшүүлөрүбүздө ишти S-400 менен бүтүрүүнү ойлоп жатабыз. S- 500дөр тууралуу да сүйлөшүүлөр болду»,- деди.

 



Тектеш кабарлар