АКШ менен болуп жаткан виза кризисин баштаган тарап Түркия эмес

Расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Сербияда кесиптеши Александр Вучич менен маалымат жыйын өткөргөн Эрдоган, АКШ менен болуп жаткан кризис тууралуу маалымат берди.

824238
АКШ менен болуп жаткан виза кризисин баштаган тарап Түркия эмес

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШ менен болуп жаткан виза кризисин баштаган тараптын Түркия эмес экенин айтты.

Расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Сербияда кесиптеши Александр Вучич менен маалымат жыйын өткөргөн Эрдоган, АКШ менен болуп жаткан кризис тууралуу маалымат берди.

Эрдоган: «Маселени биз баштаткан жокпуз. Маселенин кылмышкери АКШнын өзү»,-деп айтып, АКШлык жооптуу кызматтагылардын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен виза чыңалуусунан мурда сүйлөшүү өткөрбөгөнүн жат мамиле катары белгиледи.

Президент: «Анкарадагы бир элчинин туруп алып ушундай чечим (визаларды жоюушу) чыгарышы, андан кийин да «Мен муну мамлекетимдин атынан жасадым» сыяктуу ачыктоо жасашы ойго салат. Бул чечимди элчи өзү чыгарып жатса анда анын бул кызматта турбашы керек. Жок эгерде аркасында АКШ бийлиги бар болсо биздин алар менен сүйлөшө турган эч нерсебиз жок. Сот бир чечим чыгарыптыр, бул киши (АКШнын Стамбулдагы башкы консулдугунда иштейт) кармалып, суракка алынып, камакка алынды. Андан кийин ичкеридеги (Башкы консулдукта) дагы бир киши Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен байланышы болгону белгиленди. Бул болсо ансыз деле ал жерде проблема бар экенин көрсөтүүдө. Бул тыңчылар АКШ консулдугуна кантип киришти? Же болбосо буларды ал жерге ким жайгаштырды?»,-деп сурады.

«Менин элчим ушундай бир нерсе кылса аны ал жерде 1 саат дагы кармабайм»,деген Эрдоган: «Бул элчи (АКШнын Анкарадагы элчиси Жон Басс) коштошуу жолугушууларын уюштуруп жатат учурда. Мен да, министрлерим да мунун коштошуу талаптарын кабыл албайбыз, анткени бул кишини АКШнын өкүлү катары көрбөйбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар