Түркия менен АКШнын ортосундагы виза кризиси улантылууда

АКШнын Анкара элчилигинин кеңешчиси Филипп Коснеттин тышкы иштер министрлигине чакырылгандыгы билдирилди.

823217
Түркия менен АКШнын ортосундагы виза кризиси улантылууда

 

АКШнын Анкара элчилигинин кеңешчиси Филипп Коснеттин тышкы иштер министрлигине чакырылгандыгы билдирилди. Филипп Коснетке АКШнын виза иштерин токтотуу чечиминен кайра кайтуусу тууралуу күтүүсү билдирилди.

АКШнын Түркияга виза иштерин токтотуусуна карата чечимден кийин тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси Үмит Ялчын да кечээ АКШ элчиси Жон Басс менен телефон аркылуу сүйлөштү.

АКШ элчилик жана консулдуктарга барган зыяратчы санын да эң азга түшүрүү максатында Түркиядагы бардык АКШ дипломатиялык миссияларындагы мигрант болбогон виза кызматтарын токтоткондугун билдирген.

Түркияда бул чечимге жооп иретинде АКШ жарандарына карата виза иштерин токтоткондугу билдирилген болчу.

 



Тектеш кабарлар