Түрк кемеси бозгундарды куткарды

Түрк кемеси «Ибрахим Деденин» экипажы Жер Ортолук деңизде арасында балдар жана аялдар да орун алган бир яхтадагы 75 бозгунду куткарды.

819170
Түрк кемеси бозгундарды куткарды

Измирден Испанияга жол тарткан Түрк кемеси «Ибрахим Деденин» экипажы Жер Ортолук деңизде арасында балдар жана аялдар да орун алган бир яхтадагы 75 бозгунду куткарды.

Италиянын Сицилия аралы менен Грециянын Пилос шаарынын арасындагы аймакта деңиздин агымына кабылган яхтадагы 75 бозгун, түрк фирмасы Turkon Line фирмасына таандык «Ибрахим Деде» аттуу кеменин экипажы тарабынан куткарылып Грециянын расмий органдарына тапшырылды.

Turkon Line фирмасынын жогорку рангадагы башкаруучусу Алкын Калкаван, Пилостун 40 мил ары жагында кечээ түштөн кийин болгон окуяда Грециянын жээк коопсуздугу топторунун «Ибрахим Деде» кемесин аймакта орун алган жана агымга кабылган яхта темасында маалыматтандырып жардам сураганын белгиледи.

Кеменин экипажы агып бараткан яхтага жакындап Италияга барыгысы келген ирак жана сирия тектүү 15и бала, 2 ымыркай бөбөк, 12 аял жана 46 эркек орун алган бардыгы 75 кишини куткарып калганын белгилеген Калкаван, бозгундардын аймакка келген грек жээк коопсуздугу топторунун коштоосунда Пилос портуна алып барылганын маалымдады.

Калкаван, кызматкерлеринин яхтадагы бозгундарды кемеге салып муктаждыктарын камсыздаганын айтып, «Адамкерчилик үчүн ушундай мамиле кылдык. Бул ар бир кемечинин аткарышы керек болгон абал»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар