Түркиянын эскертүүлөрүнө кулак салбаган ИКАБ буга жооп берет

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Эрзурум облусундагы кеңешүү мажлисинин жыйналышына катышты.

817510
Түркиянын эскертүүлөрүнө кулак салбаган ИКАБ буга жооп берет

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 25-сентябрда мыйзамсыз көз карандысыздык референдумун өткөрүп Түркиянын эскертүүлөрүнө кулак салбаган Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) буга жооп бере турганын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Эрзурум облусундагы кеңешүү мажлисинин жыйналышына катышты.

Сөзүндө ИКАБдагы мыйзамсыз референдумуна токтолгон Эрдоган, айрым күчтөрдүн Иракты жана Сирияны бөлүш үчүн ар түрдүү оюнду ойноп жаткандарын белгилеп, «Көз карандысыздык башкача болот, ээсинин оюнчугу болуу башкача нерсе»,-деди.

Аймакта ойнолуп жаткан оюндарга шилтеме кылган Эрдоган: «Түндүк Иракта көз карандысыз мамлекет курулбайт. Тескерисинче бирөөлөр тарабынан атайылап тешилип, тынымсыз канаган жарага айланууда»,-деп айтты.

Эрдоган сөздөрүн ИКАБдын өзү билгендей чийген картасындагы көп сандаган отурукташкан жерде же арабдар же түркмөндөр же башка топтордон айрымдары көпчүлүктү түзгөнүн белгилеп кетти.

Эрдоган айрыкча эл аралык укуктун Керкүк үчүн талаштуу аймак деген сөздөрдү колдоноорун маалымдады.



Тектеш кабарлар