Ирактын Күрт аймагына жаңы санкциялар
Мыйзамсыз референдум өткөргөн Ирактын Күрт аймагына жаңы санкциялар киргизилет
Премьер-министр Бинали Йылдырым, Ирактын Күрт аймактык башкаруусуна жаңы санкциялардын жолдо экенин айтты.
Чанаккаледе журналисттердин суроолоруна жооп берген премьер-министр, жекшемби күнү мыйзамсыз референдум өткөргөн Ирактын Күрт аймагына карай санкциялар жөнүндө, бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 18.00ден тарта Түркиядан Сулеймание жана Эрбилге бардык учак каттамдарынын токтотулганын белгиледи. Йылдырым: "Бул иштерде Түркиянын тамашалабаганын дагы бир жолу түшүнүүлөрүн күтүп жатабыз. Чара көрүүлөбүз муну менен эле чектелип калбайт. Таштай турган кадамдарыбызды коомчулук менен бөлүшөбүз",-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.