Германияда жаңы өкмөт түзүп жатканда чоң кыйынчылык болот

Президент Режеп Таййип Эрдоган, борбор шаар Анкарада 2017-2018 академиялык жылынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

814688
Германияда жаңы өкмөт түзүп жатканда чоң кыйынчылык болот

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Германияда жаңы өкмөт түзүү жагынан чоң кыйынчылык боло турганын айтты.

Эрдоган, борбор шаар Анкарада 2017-2018 академиялык жылынын ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Германияда 24-сентябрда болгон шайлоо жыйынтыктарына токтолгон Эрдоган, айрым немис саясатчылардын шайлоо өнөктүктөрү убагында Түркияга каршы тургандарын билдиргендерин, бул болсо өлкөдө жикчилдиктин күчөшүнө себеп болуп ашкере улутчул партиялардын ишине жарай турганы жөнүндө Түркиянын бардык эскертүүлөрүнө карабастан кулак салбай койгондоруна токтолду.

Түркияга каршы тургандарын билдирүүнүн Германиядагы шайлоо жыйынтыктарында терс көрүнүш катары өзүн көрсөткөнүн белгилеген Эрдоган, келип жеткен жерде Германияда өкмөт куруунун бир канча айды ала турганын белгилеп кетти.

Үгүтттөө мезгилинде Түркияга карай сындоолорду эске салган Эрдоган: «Германияда өкмөт кура алышпайт көрөсүздөр, Нидерландия да Түркияга каршы үгүттөрдү кылгандыктан өкмөт кура албай жатат»,-деди.

Президент, Түркиядагы 16-апрелде өткөрүлгөн жаңы өкмөт системасы тууралуу элдик добуш берүү процессинде өзгөчө Германия жана Нидерландиянын Түркияга каршы чоң бир пропаганда жүргүзгөндөрүн айтты.

Президент Эрдоган, чынчыл саясат жүргүзүү абдан маанилүү. Алар ойлошту окшойт биз Түркияны жамандасак көп упай топтоп, натыйжа алабыз деп. Мына ала алган жоксуңар. Ала да албайсынар. Утуласыңар»,-деп айтып, «Биз чынчыл саясат жүргүзүүбүздү улантабыз. Аянтты буларга таштаган жокпуз. Чоң Түркия жолунда иштөөнү улантабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар