Түркиянын аскердик унаалары Сириянын Идлиб аймагына кире баштады

Идлиб операциясы үчүн биринчи кадам ташталды

811590
Түркиянын аскердик унаалары Сириянын Идлиб аймагына кире баштады

Түркиянын аскердик унаалары Сириянын Идлиб аймагына кире баштады.

Казакстандын борбор шаары Астанада 14-сентябрда алтынчысы өткөрүлгөн Сирия жыйынында Түркия, Орусия жана Ирандын делегацияларынын ортосунда түзүлгөн Идлибде коопсуз аймакты камсыздоо келишими жана Идлиб операциясы чечими үчүн биринчи кадам ташталды.

Идлибге карай террордук уюм ПЙДнин кол салуусуна бөгөт болуу үчүн Түркиянын Идлибге аскердик чара көрө турганы сүйлөшүлүп жатканда, жергиликтүү булактар түрк аскердик унааларынын Бабул чек ара бекетинен бейтарап аймакка киргенин айтышты.

Аскердик унааларды жөнөтүүдө түрк армиясына таандык машиналар жана брондолгон бульдозерлор да коштоп жүрүшөт.



Тектеш кабарлар