Германиянын элчиси Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Эрдманн 16-сентябрь жума күнү да чакыртылган болчу

809400
Германиянын элчиси Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды

Германиянын Анкарадагы элчиси Мартин Эрдманндын Тышкы иштер министрликке чакыртылганы билдирилди.

Дипломатиялык булактар Эрдманндын министрликке чакыртылганын ырастаса, немис элчинин эмне себептен чакыртылганына байланыштуу маалымат берилген жок.

Ошондой эле Эрдманндын чакыртылышынын мурда эле пландалганы бирок элчи Анкаранын тышында болгондуктан сүйлөшүүнүн бүгүн өткөрүлгөнү айтылды.

Эрдманн 16-сентябрь жума күнү да, Кельн шаарында жикчил террордук уюм ПККнын жактоочулары  уюштурган иш-чарага байланыштуу Тышкы иштер министрлигине чакыртылган эле. Министрлик иш-чаранын өткөрүлүшүн жана террор пропагандасына уруксат берилишин айыптаган болчу.

Министрликтен маалымдалгандай, германиялык элчинин Түрк тышкы иштер министрлигине кыска мөөнөттө эки жолу келишинин күтүлбөгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар