Түркияда жаңы учкучсуз учуучу учактар жасалууда

Учкучсуз учуучу учактар темасындагы эмгектери менен таанылган Байкар машина фирмасы жаңы учак долбоорлой баштады.

808121
Түркияда жаңы учкучсуз учуучу учактар жасалууда

 

4,5 тонна салмагындагы жаңы улуттук учкучсуз учуучу учак өнүктүрүлүп жатат.

Учкучсуз учуучу учактар темасындагы эмгектери менен таанылган Байкар машина фирмасы жаңы учак долбоорлой баштады.

Бул тема тууралуу маалымат берген Байкар машинанын техникалык директору Селчук Байрактар: «Учурда 4,5 тонналык учуу салмагына ээ болгон долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Бул учак дагы да бийиктикке көтөрүлөт, атмосферада дагы көпкө калат. Дагы башкача функцияларды аткарат»,-деди.

Муну менен катар Улуттук адамсыз согуштук учагы катары аталган мындайча айтканда учкучсуз реактив долбоорлору боюнча иштердин уланып жатканын баса белгилеген Байрактар: «40 миң феет башкача айтканда 13300 метр бийиктикте уча алган реактив моторлуу учкучсуз учуучу учак, 850 км ылдамдыкка жете алат»,-деди.

Түрк куралдуу күчтөрү, Жандармерия жана Коопсуздук күчтөрүндө 30 даана Байрактар тактикалык класстагы учкучсуз учуучу унаалар бар. Булардын сегизи куралдуу учкучсуз учуучу учактар.

Селчук Байрактар, 16 даана учактын да алдыбыздагы мезгилде жасалып чыгып тапшырыла турганын айтты.



Тектеш кабарлар