Түркиянын жардамдары Мьянмага жетти

Жардамдар азем менен тапшырылды

802567
Түркиянын жардамдары Мьянмага жетти

Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) билдирүүсүнө караганда, президент Режеп Тайип Эрдогандын аракеттеринин негизинде Түркиянын Мьянмага карай жардамдарынын бир бөлүгү жеткирилди.

Жардамдар Рахайн аймагындагы Өкмөт үйүндө өткөрүлгөн азем менен тапшырылды.

ТИКАнын Мьянмадагы кеңсесинин жооптуу кызматкерлери катышкан аземде күрүч, кургатылган балык жана кийим-кечектер, Мьянманын Социалдык кызматтар министрлигинин Башкы директорлугуна берилди.

Аземде мьянмалык жооптуу кызматкерлер жардамдардан улам ТИКАнын кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.

Тик учарлар менен ташыла турган жардамдар бүгүн да муктаждыгы барларга таркатылат.

Вице-премьер Хакан Чавушоглу буга байланыштуу: «Жардамдар биринчи бекетине жетти. Андан кийин аскердик тик учарлар менен абадан жеткирилет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар