Террорчуларга карата операция

Шырнак жана Диярбакырда ПКК террордук уюмга карата жүргүзүлгөн операцияда 3 террорист өлтүрүлдү.

801431
Террорчуларга карата операция

Шырнак жана Диярбакырда ПКК террордук уюмга карата жүргүзүлгөн операцияда 3 террорист өлтүрүлдү. Бир террорист болсо жаралуу колго түштү.

Шырнак элетиндеги Тахтакаялыклар аймагында жүргүзүлгөн операцияда бир группа террорист менен катуу кагылышуу чыкты. Чыккан кагылышууда 2 террорист өлтүрүлдү.

Диярбакырдын Лиже районуна караштуу Чавундур жана Баглан айылдарынын элетиндеги операцияда болсо бир террорист өлүү, бир террорист жаралуу колго түштү.

Өлүү колго түшкөн террористтин 2016 -  жылы 12 -  майда Дүрүмлү мазарында 16 киши каза болгон, 23 киши жараланган бомбалуу кол салууну жасагандыгы белгиленди.

Террористтер менен курал  - жарак, бир тапанча, 2 граната, 60 килограмм банги зат менен түрдүү террордук документтер колго түшүрүлдү.

Операцияда террордук уюмга  жардам берген эки киши кармалды. Бир тараптан түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагында жүргүзгөн аба кыймылында кол салууга даярданып жаткандыгы аныкталган 8 террорист өлтүрүлдү.

 

 

 



Тектеш кабарлар