Европага сүт жана сүт азыктарын экспорттоо

Европа Биримдиги өлкөлөрүнө 15 миллион 560 миң долларлык сүт жана сүт азыктары экспорттолду.

798470
Европага сүт жана сүт азыктарын экспорттоо

Кыркларелинде бул жылдын биринчи алты айында өндүрүлгөн сүт жана сүт азыктары Европа Биримдиги өлкөлөрүнө 15 миллион 560 миң долларлык экспорт жасалды.

Азык  - түлүк, айыл  - чарба жана мал  - чарбачылыктын облустук директору Үмит Ортан 2013 -  жылы 1 -  апрелде Европа Биримдиги өлкөлөрүнө сүт экспортоонун башталышы менен шаардагы биринчи экспорттун Грецияга жасалгандыгын айтты.

Ортан өндүрүлгөн сүт жана сүт азыктарынын өлкө ичиндеги түрдүү шаарлары менен бирге өлкө тышына да сатылгандыгын билдирди.

Кыркларелинде өндүрүлгөн сүттүн абдан баалуу экендигин белгилеген Ортан өткөн жылы Европа Биримдиги өлкөлөрүнө 3 миллион 358 миң 567 литр сүт, 900 миң килограмм кургак сүт, 3 миң 410 килограмм быштак суусу менен 4 миллион 527 миң 504 килограмм да быштактын экспорттолгондугун айтты.

Ортан шаарда өндүрүлгөн сүт жана сүт азыктарына Европа өлкөлөрүнөн олуттуу талаптын келгендигин айтып : «Сандар күн сайын артууда. Өндүргөн сүттөрдү өзгөчө европалыктар балдарына ичирип жатышат. Себеби сүтүбүздүн ичиндеги бактерия катнаштары абдан төмөн жана сапаты да ошончолук жогору»,- деди.

Азык  - түлүк, айыл  - чарба жана мал  - чарбачылык боюнча облустук директору Ортан Кыркларелинин мал  - чарбачылык жана сүт өндүрүүдө сыймыктана турган шаар болгондугун сөздөрүнө кошту.

 

 



Тектеш кабарлар