Түркиянын саламаттык сактоо системасы абдан өнүктү
Анкарада 300 тез жардам унаасы таркатылды
796892
Премьер-министр Бинали Йылдырым түрк саламаттык сактоо системасынын абдан өнүккөнүн айтты.
Йылдырым борбор шаар Анкарада 300 тез жардам унаасын тапшыруу аземиндеги сөз сүйлөөсүндө: «Саламаттык сактоо тармагындагы мыйзамдык өзгөртүүлөр, реформалар аркылуу жарандарыбыздын күтүүлөрүн борборго алган түшүнүктү жайгаштырдык. Учурда саламаттык сактоо системаларыбызда мейманкана сапатында кызмат көрсөтүлүүдө»,-деди.
Премьер-министр: «Түркиянын учурда 5 миңден ашуун тез жардам унаасы бар. 3 учак 17 тик учар 4 деңиз тез жардамы бар»,-деди.