Буркина-Фасодо террордук кол салуу болду

28 адамдын каза болушуна алып келген кол салууну Түркия катуу айыптады

789198
Буркина-Фасодо террордук кол салуу болду

Буркина-Фасонун борбор шаары Вагадугудагы бир ресторанга болгон кол салуудан 28 адам көз жумуп, 8 киши жаракат алды.

Байланыш министри жана өкмөттүн катчысы Ремис Данжину кол салууга байланыштуу билдирүүсүндө, Вамех Курумах көчөсүнүн боюндагы ресторанга түнкү убактарда куралдуу кол салуу болгонун айтты.

Кол салуудан 1и түрк 28 кишинин көз жумганын жана 8 кишинин жаракат алганын билдирген министр Данжуну, окуянын террордук кыймыл экенин айтты.

Кол салуунунун жоопкерчилигин азырыкча эч ким мойнуна алган жок.

Бул учурда Түркия Батыш Африка өлкөсү Буркина-Фасодогу кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, окудан каза болгон жана жаракат алгандардан бирден түрк жараны бар экени белгиленип, кол салууну катуу айыптайбыз» деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар