АКШ Түркияны түшүнөт

АКШ Түркиянын ПКК жикчил террордук уюм тууралуу «санааркоолорун түшүнүшкөндөрүн» билдирди

787937
АКШ Түркияны түшүнөт

АКШ Түркиянын ПКК жикчил террордук уюм тууралуу «санааркоолорун түшүнүшкөндөрүн» билдирди. АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Хизер Науэрт күнүмдүк пресс – жыйынында күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.  «Түркиянын түштүк чек араларына аскер жайгаштыруудан тынчсызданып жатасыздарбы?»,- деген суроого жооп берген Хизер Науэрт Түркиянын негизги НАТО союздашы экендигин баса белгиледи. Науэрт буларды айтты : «АКШ Түркиянын санааркоосуна олуттуу карайт. Эрдоган өкмөтү менен байланыш ичиндебиз. Түркиянын ПКК тууралуу санаасы бар жана биз муну түшүнөбүз. Аймак тууралуу санааркоолору бар. ПКК   террордук уюм жана жасаган кол салууларын айыптайбыз».



Тектеш кабарлар