Түркия менен Африка өлкөлөрүнүн ортосунда 200дөн ашуун кызматташтыктарга кол коюлган

Вице – премьер Хакан Чавушоглу Африкадагы бир өлкөдө жашап жаткан киши үчүн Түркиянын эң алыскы жерлеринен да жардам жана колдоо берилип жаткандыгын эске салды.

785407
Түркия менен Африка өлкөлөрүнүн ортосунда 200дөн ашуун кызматташтыктарга кол коюлган

Вице – премьер Хакан Чавушоглу Түркия менен Африка өлкөлөрүнүн арасында 200дөн ашуун кызматташтык жана токтомго кол коюлгандыгын айтты. Чавушоглу  Түркия менен Африканын ортосунда абдан эскилерге таянган жана издери бүгүн да белгилүү болгон тарыхый карым – катнаштардын бар экендигин белгиледи. Чавушоглу : «Өкөмтүбүз баштаган Африка кыймылы менен бири бирине карата жасалган  жогорку деңгээлдеги  сапарлар артып, башта билим берүү, технология трансферлери, визадан боштуу, кибердик коопсуздук, аскердик кызматташтык сыяктуу көптөгөн башка тармактарда Түркия менен Африка өлкөлөрүнүн ортосунда 200дөн ашуун кызматташтык менен токтомго кол коюлду»,- деди.

Бурсанын Гемлик районунда 33 өлкөдөн келген Африка фондунун жайкы мектеп окуучулары менен жолугушкан Чавушоглу жогорку билим алуу үчүн Түркияны тандаган окуучулардын  башка бир көз карашка жана күрөшүүчү рухка ээ экендигин белгиледи.

Хакан Чавушоглу Түркиянын эл аралык окуучулар тууралуу көптөгөн жылдарга таянган бир тажрыйбага ээ экендигин айтты. Эл аралык  билим берүүнүн бардык өлкөлөр бетме  - бет  келген маселелердин  чечилиши тууралуу маанилүү бир жол картасы болорун айткан Чавушоглу : «Ар башка тарых жана маданияттардан келген тажрыйбаларыбызды билим берүү жолу менен бири бирибиз менен бөлүшө ала турган өлчөмдө дагы көп бүтүндөшө алат жана ушунун саясында дүйнөбүздүн өнүгүшү үчүн маанилүү роль ала алабыз»,- деди.

Чавушоглу Африкадагы бир өлкөдө жашап жаткан киши үчүн Түркиянын эң алыскы жерлеринен да жардам жана колдоо берилип жаткандыгын эске салды.

 



Тектеш кабарлар