Түрк калкы конституциясындагы укукту колдонуп өлкөсүн коргоду

Рекс Тиллерсон, түрк калкынын Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 2016-жылдын 15-июлундагытөңкөрүш аракетине каршылыгын көрсөтүп демократияны коргогонун айтты.

767785
Түрк калкы конституциясындагы укукту колдонуп өлкөсүн коргоду

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон, түрк калкынын Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 2016-жылдын 15-июлундагытөңкөрүш аракетине каршылыгын көрсөтүп демократияны коргогонун айтты.

Тиллерсон,: «2016-жылдын 15-июлунда каза болгондордун намыс жана эрдиктери мактоого арзырлык»,-деди.

Стамбулда өткөрүлгөн 22-Дүйнөлүк мунай зат конгрессинде Dewhurst сыйлыгы конок министр Тиллерсонго ыйгарылды.

Энергетика жана жаратылыш ресрустары министри Берат Албайракка конгресс тууралуу куттуктоолорун айткан Тиллерсон, Түркиянын маанилүү өнктөш болгонун жана энергетика темасында да тогуз жолдун тоомунда турганын айтты.

ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетине токтолгон Тиллерсон: «Орто эсеп менен 1 жыл мурда түрк калкы төңкөрүшчүлөргө каршы турду жана өз демократияларын коргоду. 2016-жылдын 15-июлунда каза болгондордун намыс жана эрдиктери мактоого арзырлык. Түрк калкы конституциясындагы укукту колдонуп өлкөсүн коргоду. Курман болгондор жана жарадар болгондорду таазим этип эскеремин»,-деди.

Министр Тиллерсон, айрыкча Дүйнөлүк мунай зат конгрессин 2020-жылы өлкөсү өткөрө турганын билдирди.

Конок министр андан соң президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан Хүбер сарайында кабыл алынды.

Жабык эшик артында өткөн кабыл алуу 1 саат 40 мүнөткө созулду.



Тектеш кабарлар