Түркия элге кызмат кылган фирма жана демилгечилерди колдойт

Президент Р. Т. Эрдоган өлкөнүн коопсуздугу жактан мааниге ээ болгон проектилердин санын арттыруу менен улантышарын айтты.

763634
Түркия элге кызмат кылган фирма жана демилгечилерди колдойт

Президент Р. Т. Эрдоган өлкөнүн коопсуздугу жактан мааниге ээ болгон проектилердин санын арттыруу менен улантышарын айтты.

Президент Эрдоган Тузлада Кыналыада корветин деңизге түшүрүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө аскердик кемелер тууралуу  менчик сектор жана аскердик кеме жасоочу жерлерде бүткөрүлгөн 14 проектинин бар экендигин, келерки жылдарда келишимге кол коюла турган 10 проектинин дагы бар экендигин белгиледи. Бул бардык абалдардын Түркия орун алган аймакта пайда болгон коркутууларга каршы деңизчилик тармагында чыгарган чечүүчү жолдорго берилген маанинин түшүндүрмөсү экендигин белгилеген Эрдоган : «Буйруса биз учак кемебизди да жасайбыз. Мында да чечкиндүүбүз»,- деди.

Президент Эрдоган 2023 -  жылы коргоо өнөр жайында тышка көз карандылыкты толугу менен жок кылууну максат кылган өлкө катары кадамдарды дагы ылдам таштоо керектигин баса белгиледи.

Президент Эрдоган : «Себеби эмне болсо болсун, Түркиянын коргонуу өнөр жайындагы аткарылган иштерге бөгөт болууга карата кыймылдарга чыдамдуулук көрсөтүлө албайт. Мындай аракетке киргендерге биз каршы чыгабыз. Өлкөбүз менен элибиз үчүн иштеген, албетте өзү да пайда тапкан, чындыгында ишин билген бардык демилгечилерибиз, фирмаларыбыз жандарында биздин бар экенибизди билүүлөрү керек»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар