Түркия Палестинага жардамдарын улантууда

10 миң тонналык үчүнчү жардамдын алдыдагы күндөрдө Газага жеткирилет.

756023
Түркия Палестинага жардамдарын улантууда

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта 10 миң тонналык үчүнчү жардамдын алдыдагы күндөрдө Газага жеткирилери билдирилди.

Жазуу түрүндөгү маалыматта Палестина өкмөтүнүн жалпы бюджетинде 10 миллион Америка доллары грант жардам берүү чечиминин чыгарылгандыгы белгиленди.

Аймактагы электр маселесинин чечилиши үчүн аракет кылган Түркия күйүүчү майды каржылоо үчүн 5 миллион Америка долларын бөлдү. Маселеге туруктуу чечүүчү жол табуу үчүн күн паннелдерин жайгаштыруу иштери да улантылууда.

Түркиядан аймакка жардам көпүрөсүн курган Түрк Кызылайы да Палестина Кызылайы менен кызматташтык ичинде Газада 15 миң азык – түлүк каробка жана салттык майрамдык таркатууну улантууда.

Министрлик билдирүүсүндө Түркиянын калкы жана  бардык мекемелери менен Палестина мамлекетинин жана Палестина калкынын жанында болууну улантары да баса белгиленди.



Тектеш кабарлар