Батыштыктар Европа борборчул көз караштан кутулуусу зарыл

Президенттик Башкы катчынын орун басары жана басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Анкарадагы Кожатепе мечитинин короосундагы Түркия китеп жана маданият жарманкесинде китебине кол коюу күнүнө катышты.

753437
Батыштыктар Европа борборчул көз караштан кутулуусу зарыл

Президенттик Башкы катчынын орун басары жана басма сөз катчысы Ибрахим Калын, азырынча батыш коомчулуктарынын Европа борборчул көз карашынан ашып өтө албаганын белгилеп: «Дүйнө жүзүнө, маданиятка, саясатка, коомго, экономика, спортко карап жатканда дагы деле Европа борборчул көз караш менен карашууда»,-деди.

Анкарадагы Кожатепе мечитинин короосундагы Түркия китеп жана маданият жарманкесинде, «Мен, башкасы жана башкалары» (Ben, Öteki ve Ötesi) аттуу китебинин кол коюу күнүнө катышкан Калын, иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө ушундай түрдөгү иш-чаранын окурман менен китептин жана жазуучу менен окурмандын жолугушуусу жагынан жакшы таасирлешүү болгонун айтты.

Калын, акыркы мезгилде болгон «Исламга каршы» айтымдарга токтолду.

«Заманасынын негизги маселелеринен бири ислам жана батыш коомчулуктарынын арасындагы карым-катнаштар кандай болот? Европа борборчул көз карашын батыш коомчулуктары ашып өтө алыштыбы?-деген суроолор дагы деле ал жакта турат. Китепте буларды бир аз түшүндүрүүгө аракет кылдым»,-деп айткан Калын, чыгарманын убакыт тууралоосунун да ушул жагынан жакшы болгону боюнча баа берүүлөр жасалганын билдирди.

Европада акыркы мезгилде жогорулаган исламофобия, жикчилдик, чет элдик душмандыгы жана качкын маселелерине көңүл бурган Калын, европалыктардын бул темадагы мамилесинин, ошондой эле түрдө ал аймакта жашаган мусулман азчылыктарга карай мамиленин плюралист, көп маданияттулук, демократия, ачыктык сыяктуу негизги баалуулуктардын канчалык бузулганын да көрсөткөнүн баса белгиледи.

Мусулман азчылыктардан сөз болгондо Батыш коомчулуктарынын ар башка рефлекстер менен кыймыл кыла баштаганын түшүндүргөн Калын: «Бул темалардын бардыгынын тарыхый» арткы планы, философиясы, арткы планын түшүнүү, бир калыпка салуу жагынан да буюрса китеп окурмандарыбызга пайдалуу болот»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар