Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу бүгүн Катарга барат

Түркия Катарга карата санкциялардын жоюлушу үчүн маанилүү кадам таштоодо.

752274
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу  бүгүн Катарга барат

 

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу маселенин чечилиши үчүн бүгүн Катарга барат.

Мевлют Чавушоглу Бурунди тышкы карым – катнаштар жана эл аралык кызматташтык министри Ален Айм Ньямитве менен расмий турак жайда өткөргөн орток пресс жыйында кээ бир араб өлкөлөрүнүн Катарга карата санкцияларынын жыйынтыгында ортого чыккан кризиске токтолду жана мунун чечилишине салым кошуу үчүн дипломатиялык иштерин башташкандарын айтты.

Президент Р. Т. Эрдогандын ислам тилекшетигинен башка өлкөлөрдүн лидери, королу, эмири, президенти менен премьер- министрине телефон чалгандыгын айткан Чавушоглу премьер – министр Бинали Йылдырымдын да кесиптештери менен бул маселени карап чыгышкандарын жана Түркиянын көз караштарын, маселени чечүүчү үчүн эмнелердин ойлонулгандыгын кесиптештерине билдиргендигин белгиледи.

Чавушоглу өзүнүн да эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш жана бир топ өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен пикир алышууларда болгондугун белгилеп : «Катарга карата программа даярдала турган болсо Сауд Аравияга сапар менен барам. Албетте бул жерде Сауд Аравиянын ой жана сунуштарын да алууда пайда бар. Биз кандай салым кошо алабыз, кандай жардам бере алабыз, буларды карап чыгабыз. Бул сүйлөшүүлөрдүн пайдалуу болорун ойлоп жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар