Түркиядан Ливанга 70 тонна жардам

5 миң 500 үй – бүлөгө 70 тонна азык – түлүк жардам берилди.

751536
Түркиядан Ливанга 70 тонна  жардам

Түрк Кызылайы жана Түркиянын Бейрут элчилиги башта сириялыктар болуу менен Ливандагы муктаж 5 миң 500 үй – бүлөгө 70 тонна азык – түлүк жардам берди.

Жардам материалдарынын  тапшырылышынан улам Ливандын түндүгүндө Триполидеги портто азем өткөрүлдү.

Аземде сөз сүйлөгөн Түркиянын Ливан элчиси Чагатай Эржийес Рамазан айынын биримдик жана тилектештик айы экендигин эске салуу менен Түркиянын бул ыйык айда жардамга муктаждарга жардам бергендигин айтты.

Эржийес : «Ушунун алкагында Түркия Ливанды да унутпастан Түрк Кызылайы менен бирдикте финансыланган проектинин негизинде көпчүлүгү сириялыктардан турган Ливандагы 5 миң 500 үй  - бүлөгө азык түлүк жардам берүүдө»,- деди.

Эржийес азык – түлүк материалдарынын Рамазан айы бүтпөстөн Триполи жана Бекаа аймагы менен түркмөндөр жашаган Айдамон менен Кувашра айылдарында Харисса менен Ел Марж аймактарында таркатыларын белгиледи.

Ливан качкындар иштеринен жооптуу министр Муин ел  - Мераби да жардамдардын Рамазан айында дагы маанилүү болгондугун баса белгилеп ливандыктарга жана сириялыктарга берген жардамынан улам Түркияга рахмат айтты.



Тектеш кабарлар