Түрк куралдуу күчтөрүнүн кыймылы

Аба кыймылдарында 21 террорист таасирсиз абалга алып келинди.

752007
Түрк куралдуу күчтөрүнүн кыймылы

Түрк Куралдуу Күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Зап жана Хакрук аймактары менен Ван жана Сииртте ишке ашырылган аба кыймылдарында 21 террорист таасирсиз абалга алып келинди.

Түрк куралдуу күчтөрдөн берилген маалыматка караганда кечээ кечинде жикчил террордук уюм ПККга карата Сиирттин Первари районунун элетинде абадан жардам берилген операция жүргүзүлдү.

Операциянын негизинде аба күчтөрү командирлигине караштуу аскердик учактар террористтер тарабынан колдонулган 10 баш калкалоочу аянт менен бир азык – түлүк сактоочу жер жардырылып, алгачкы белгилөөлөргө караганда бир террорист өлтүрүлдү.

Абадан жүргүзүлгөн операциядан кийин учактар базаларына кайтып келди. Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан кечээ Ирактын түндүгүндөгү Зап жана Хакрук аймактары менен бирге Вандын Геваш районунун элетиндеги террор буталарына карата жүргүзүлгөн аба кыймылдарынан болсо 20 террорист өлтүрүлдү.



Тектеш кабарлар