Тышкы иштер министри Перс булуңу өлкөлөрүнүн элчилери менен жолугушту

Түркия Катар кризисинин чеилиши үчүн тыгыз дипломатия улантылууда.

751138
Тышкы иштер министри Перс булуңу өлкөлөрүнүн элчилери менен жолугушту

 

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу министрлер кеңешинен мурда Сауд Аравиянын Анкарадагы элчиси Велид Бин Абдүлкерим елХирейжи Бириккен Араб Эмирликтеринин Анкарадагы элчиси Халифе Шахин ел- Марар жана Бахрейн кеңешчиси Комаил Ахмедди бирдикте кабыл алды.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда жолугушууда Перс булуңундагы акыркы абалдар каралды.

Министр Чавушоглу жолугушууда Түркия жана эл аралык коомдун күтүүлөрүн билдирүүсү менен темага байланыштуу жолугушууларга да токтолду.

Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Египет жана Йемен 5 -июнда Катар менен бардык дипломатиялык карым – катнаштарын үзгөндүгүн жарыялаган болчу.

Өлкөлөрүнүн аба мейкиндигин Катарга жапкан Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирликтери жана Бахрейн катарлык дипломаттардын 48 сааттын ичинде өлкөлөрдөн чыгып кетүүсү керектигин айткан.

Сауд Арабстан айрыкча Катардын бир гана кургактык чек арасын да жапкан болчу.

Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн жана Египет жарыялаган орток билдирүүдө болсо Катар тарабынан колдоого алынгандыгы ортого салынган, араларында Дүйнөлүк мусулман аалымдар биримдигинин төрагасы Юсуф ел- Карадави да орун алган 59 киши менен 12 кайрымдуулук  мекемесинин «террор менен байланышы» бар деген ой менен «террор тизмесине» алынгандыгын билдирген болчу.

Катар болсо «террор тизмеси» иштерин айыптап жана күнөлөөлөрдүн негизсиз экендигин, бул төрт өлкөнү «жалаа» жабуу менен өлкөнүн имиджин тебелеп- тепсөөгө аракет кылуу менен күнөөлөгөн.



Тектеш кабарлар