Түрк Кызылайы өз тармагында дүйнөнүн алдыңкы мекемелеринен бири

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Стамбулдагы Халич конгресс борборунда өткөрүлгөн Кызылайдын курулганынын 149 жылдыгынан улам донорлорго медаль тапшыруу жана ооз ачуу программасында сөз сүйлөдү.

750633
Түрк Кызылайы өз тармагында дүйнөнүн алдыңкы мекемелеринен бири

Президент Режеп Таййип Эрдоган, айырмачылык кылбастан муктаждыгы болгон ар кимге жардамын жеткиргени үчүн Түрк Кызылайы өз тармагында дүйнөнүн алдыңкы мекемелеринен бири болушу жагынан толук укуктуу экенин айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Стамбулдагы Халич конгресс борборунда өткөрүлгөн Кызылайдын курулганынын 149 жылдыгынан улам донорлорго медаль тапшыруу жана ооз ачуу программасында сүйлөгөн сөзүндө калк көбөйгөн, шаарлар чоңойгон, мүмкүнчүлүк ээлери менен муктаждык ээлеринин бири-бирилерин табуусу татаалдашкан ушул мезгилде жеке киши түрүндө кайрымдуулуктарды жеткирүү абдан татаалдашканына шилтеме кылып, Кызылай сыяктуу мекемелердин кеңири уюштуруусу жана узун өткөнү болгон тажрыйбасы менен бул ишти орундатканын белгиледи.

Өлкөнүн жалпысында 700 кеңсеси менен Түркиянын эң кеңири жайылган бейөкмөт уюмдарынан бири болгон Кызылайдын, өлкө ичиндеги жана тышындагы бардык иштерине колдоо көрсөтүүсүн ушул убакка дейре кантип улантса, мындан кийин да ошондой уланта тургандарын белгилеп өттү, президент Эрдоган.

Эгер бүгүнкү күндө Түркия, дүйнөнүн эң чоң баш калкалоочуларга жардам операциясын, эч кимге муктаж болбостон өзү жалгыз уланта алса, мында Кызылайдын абдан чоң ролу болгонун баса белгилеген президент: «Жардамдашуу жана колдошуу маданиятыбыз менен жуурулушкан Кызылай сыяктуу мекемелик түзүлүштөрдү канчалык колдосок, өлкөбүздүн жана дүйнө жүзүнүн дагы тынч, дагы коопсуз абалга келишине ошончолук салым кошкон болобуз»,-деп айтты.

Кызылайдын Сирияда, Араканда, Мьянмада, Пакистанда апааттардан жабыркагандарга жардам жеткиргенин айткан Эрдоган, Түркиянын чар тарабында апааттар болгондо да Кызылайдын ал жерлерге барганын белгилеп кетти.

Эрдоган, сыйлык алган донорлорду да куттуктап, аларга сыйлыктарын тапшырды.



Тектеш кабарлар