Түркия катары өз милдетибизди аткарууга даярбыз

Булуң Кызматташтык Кеңешинин мүчөлөрү өз араларындагы маселелерди сүйлөшүү, диалог жана байланыш жолдору менен чечүүлөрү керек

746526
Түркия катары өз милдетибизди аткарууга даярбыз

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Булуң өлкөлөрүнүн Катарга карай санкция чечиминин капага салганын белгиледи.

Ибрахим Калын президент Режеп Тайип Эрдогандын Катар боюнча диломатиялык сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканын белгилеп: «Түркия катары өз милдетибизди аткарууга даярбыз»,-деди.

Ибрахим Калындын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Аймагыбыздын тынчтык жана ырааттуулугуна чечүүчү жол изделип жатканда, бардык аймак өлкөлөрүнүн ушул биргелешкен максаттардын негизинде керектүү кадамдарды таштаганга муктаж болуп турган мезгилде, стратегиялык өнөктөшүбүз Булуң Кызматташтык Кеңешинин мүчөлөрүнүн өз араларындагы маселелерди сүйлөшүү, диалог жана байланыш жолдору менен чечүүлөрү керек»,-деп айтты.

Сауд Арабия, Египет, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ливия, Йемен жана Мальдив аралдары Катар менен болгон бардык дипломатиялык алакаларын токтоткондорун билдиришкен болчу.



Тектеш кабарлар