Орусия түрк азыктарын кайрадан импорттой баштады

Помидордон тышкары бардык азыктардын импорттолушуна уруксат берилди

744483
Орусия түрк азыктарын кайрадан импорттой баштады

Орусия өкмөтү, помидордон тышкары түрк азыктарына карай чектөөлөрдүн бардыгын жойгон жарлыкты күчүнө киргизди.

Орус өкмөтүнүн интернет барагында жарыяланган жарлыкка караганда, Түркиядан импорттолушуна тыюу салынган азыктардын кайрадан импорттолушуна уруксат берилди.

Жарлыкка караганда Түркиядан тоок жана индюктун эти, бадыраң, туздалган бадыраң, алма, алмурут, жүзүм жана кулпунай кайрадан импорттолот.

Орусиянын айыл чарба министри Александр Ткачев кечээки билдирүүсүндө, түрк помидоруна карай импорт чектөөсүнүн үч жылга созулушу мүмкүн экенин белгилеген болчу.

Вице-премьер Аркадий Дворкович болсо орус рыногунда помидордун ширеси, соус сыяктуу иштетилген азыктардын өндүрүлүшү үчүн 2017-жылдын ноябрынан 2018-жылдын апрелине чейин Түркиядан помидор сатып алынышы мүмкүн экенин айтты.

Дворкович түрк помидорунун дагы да арзан жана өндүрүүчүлөр үчүн дагы да кирешелүү экенин кошумчалады.



Тектеш кабарлар